Азербайжан: Президент Алмазбек Атамбаев түрк тилдүү мамлекеттерди бириктирген темир жол куруу зарылдыгын белгиледи

Бүгүн, 16-августта Азербайжандын Габала шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммитинде президент Алмазбек Атамбаев түрк тилдүү мамлекеттерди бириктирген темир жолун куруу маанилүү экендигин белгиледи. “Урматтуу кесиптештер, урматтуу достор! Келечекти жакыныраак келсин десек, Нурсултан Назарбаев былтыр Бишкекте айткан темир жол куруу идеясын тез ишке ашырышыбыз керек. Бул темир жол Казакстан, Түркия, Азербайжан, Кыргызстан, Кытайды бириктирет эле. "Көз көрбөсө бир тууган да алыс болот" дегендей, темир жолу курулса, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы артып, келечеги кең болот. Майда көп долбоорлорго күч жумшагыча, бир чоң долбоорго күч жумшаганыбыз оң”,- деди мамлекет башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан