Түрк тилдүү мамлекеттердин өнүгүшү үчүн аймактык коопсуздукту камсыз кылуу керектигин Азербайжандын президенти Ильхам Алиев бүгүн, 16-августта Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммитинде билдирди. Айтымында, Азербайжан менен Армениянын мамилесин ушул саммиттин алкагында чечүүгө аракет кылуу керек. “Ушул келишпестикти (Карабах согушу) эл аралык деңгээлде, БУУнун катышуусу менен чечүү абдан маанилүү. Энергетика жана транспорт тармагында дагы көптөгөн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүбүз зарыл. Дүйнөдөгү каржылык кризисти көрүп туруп, биз мамлекеттер аралык кызматташтыкты чыңдашыбыз маанилүү”,- деди Алиев.