Бүгүн, 16-августта Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммитинде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев сөз сүйлөп, бул кеңешке кирген 4 мамлекеттин товар жүгүртүүсү 1 триллион 250 миллиард доллар экендигин билдирди. Айтымында, бул тармакты дагы өнүктүрүү керек. Ошондой эле казак мамлекет башчысы туризмди өнүктүрүү зарылдыгын айтты. “Туризмди өнүктүрүү менен иштей турган жумушчу топ түзүү зарыл. Ал эми транспорт менен коммуникация биздин өлкөлөрдүн негизги маселеси болууга тийиш. Бажы тармагында, билим берүү, илим жаатында да кызматташууну өнүктүрөлү”,- деди Назарбаев.