Биз социалдык тармакта

"Кумтөр" кенинде жоголгон эки кызматкер табыла элек

Ысык-Көл облусундагы "Кумтөр" кениндеги Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмар кескин түрдө жылып, анын кесепетинен дайынсыз болуп жаткан эки кызматкер дагы деле табыла элек. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына 8-декабрда билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда издөө иштери жүрүп жатат жана азырынча издөө иштеринен натыйжа жок. Издөө иштерине 94 куткаруучу тартылган. Арасында кинологдор жана альпинисттер бар. Мындан тышкары, 13 бульдозер, 6 экскаватор, 14 самосвал, 1 автогрейдер жана 1 жүктөгүч, жалпысынан 35 техника тартылган.

1-декабрда эртең менен "Кумтөрдүн" эки кызматкери - бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезекчиси жоголгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кызматкерлер "Кумтөрдөгү" жер көчкүнүн кесепетинен жабыр тартышы мүмкүн.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Saiit
2019-12-08 15:33:15
Атайлап эле кочку тушуруп кенди кенейтип казып жататта булар!! Канадистер ото акылдуу !! Бизди булар адам ордунда корбойт бизди булар уулап 100 жылдан кийин кыргыз калкын ходиячый метвитсы кылатта!! Канчалаган уулуз заттарды калтырып жатат!! Буларга алтын болсо болду Биздин урпакты уруп ойнобойт!!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан