Бүгүн, 16-августта Ош шаарындагы "Тазалык" ишканасы жана Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттигинин Ош шаарындагы бөлүмүнүн кызматкерлери кафе, ресторан, дүкөн ээлери менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда таштанды үчүн болгон баалардын кымбатташы талкууга алынды. Айта кетсек, жаңы баалар боюнча мекеме ишканалар таштандынын бир метр кубуна 350 сом төлөшөт. Мурда бул баа 305 сом болгон. Ал эми кафе, ресторандардын таштанды үчүн төлөмү учурда такталып жатыптыр.