Бүгүн, 16-августта Азербайжандын Габала шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммитинин декларациясына кол коюлду. Ошондой эле аталган кеңештин башкы катчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү узартылды. Белгилей кетсек, бул кеңешке Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркия мамлекеттери кирет. Кеңеш 2009-жылы түзүлгөн. Алгачкы саммит Казакстанда өтсө, 2-саммит Кыргызстанда 2012-жылы өткөрүлгөн.