17-августта Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Липенка айылында “Балык" фестивалы өтөт. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Болот Сулайманов билдирди. Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан жана коңшу мамлекеттерден балыкчылар келип катышат. Фестивалда төмөнкү багыттар боюнча жарышуулар болот: ким көп балык кармайт (саны боюнча), ким эң чоң балык кармайт жана балыктан жасалчу уха тамагын ким мыкты даярдайт. Мындан башка да түрдүү сынактар, концерт, семинарлар өткөрүлмөкчү. Иш-чаранын максаты - балык чарбасын өнүктүрүү.