Жалал-Абад. Базар-Коргон элинин 10 пайызы гана таза суу менен камсыз болгон

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда 162 миң калк болсо, анын 10 пайызы гана таза суу менен камсыздалган. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта аталган райондун акими Таалайбек Долдоев билдирди. Райондо көп кабаттуу 5 үйдүн биринде да таза суу жок. Жашоочулар сууну сырттан ташып ичет. Буга чейин ал үйлөрдүн алдына 3 насос коюлуп, суу чыгарылганын айтат аким. "Жакында ички каналдар оңдолот, ага жумшалчу 192 миллион сомду банктардын бири каржылайт",- дейт Долдоев. Ал кошумчалагандай, таза суу боюнча дагы бир долбоор жазылып жатыптыр, ал ишке ашса, райондогу 138 миң жашоочу таза суу менен камсыз болот.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан