Декларация: УКМКнын төрагасынын орун басары Замир Сабаевдин 4 жер тилкеси бар
Улуттук коопуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Замир Сабаев 2012-жылы 608 159 сом киреше тапкан. Тапшырган декларациясында кыймылсыз мүлкүм деп 4 жер тилкесин көрсөттү (аянттары көрсөтүлгөн эмес). Башка эч кандай маалымат берген жок. Сабаевдин жакындары 2012-жылы 240 миң сом киреше табышса, 1 жер тилкесине ээлик кылышат. Унаасы - Лексус RX 330 (чыгарылган жылы жазылган эмес).