Бүгүн, 16-августта Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Жолугушуу Азербайжандын Габала шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммитинин алкагында болду. Ажолор эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана өлкөлөрдүн мындан аркы өнүгүү жолун талкууга алышты. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев Казакстанда өтө турган Кыргызcтан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынынын маселелерин талкуулашты. Тараптар мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги Жогорку мамлекеттер аралык кеңешин даярдоо үчүн эки өлкөнүн премьер-министрлери быйылкы жылдын күзүндө кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын өткөрүү боюнча макулдашууга жетишишти. Эске сала кетсек, жолугушуу 15-августта болмок, бирок белгисиз себептерден улам Казакстандын президенти кечээ келбей калып, жолугушуу өткөн эмес. 15-августта президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын президенти Абдулла Гүл жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушуу өткөргөн.