Талас. Ооруканадагы бейтаптар 31-августта болчу концертке бекер билеттерди алышты

Бүгүн, 16-августта Талас шаарындагы ооруканаларда дарыланып жаткандарга жана медицина кызматкерлерине 31-августта борбордук стадиондо өтө турган “Куудулдар жана булбулдар” аттуу концертке кирүүгө бекер билеттер таркатылды. Талас шаардык кеңештин депутаты Марат Мураталиев “Билеттерди таркатууну алгач ооруканалардан баштадык. Бир күн болсо да бейтаптар ооруну унутуп, маанайлары көтөрүлсө деген ниет”,- дейт. Ал эми концерттин уюштуруучулары бекер билеттерди таратуу облус башчы Койсун Курманалиеванын колдоосу менен ишке ашып жатканын айтышты.  

Концерт эки бөлүктөн турат, алгач Таластан чыккан ырчылар өнөрлөрүн элге тартуулашса, экинчи бөлүгүндө конок ырчы-куудулдар элдин маанайын көтөрүшөт. 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан