Бүгүн, 16-августта Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммитинде кеңешке мүчө өлкөлөрдүн президенттери “Чыңгыз Айтматов жана анын Ысык-Көлү” аттуу Эл аралык конгрессин 2013-жылы уюштуруу демилгесин колдошту. Мындай чечим аталган кеңештин бүгүн кабыл алган декларациясында жазылган. Бул иш-чара улуу жазуучунун 85 жылдык мааракесине карата өткөрүлөт. Ошондой эле кабыл алынган декларацияда мүчөлөр “Түрксой” уюмунун 20 жылдагы жетишкендиктерин баса белгилешкен. Эске сала кетсек, 16-августта Азербайжандын Габала шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммити болуп өттү.