Акыркы учурда жол кырсыктары көп болууда. Автокырсыктардын санын кыскартуу же алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?

ИИМ ушул жылдын 6 айында Кыргызстанда 3017 жол кырсыгы катталганын маалымдады. Автокырсыктардан 4318 адам ар кандай жаракат алса, 453 адам каза тапты. Жол кырсыктарынын 1243ү Бишкек шаарында болсо, Чүй облусунда 678, Нарында 48, Ош облусунда 447, Таласта 66, Жалал-Абадда 249, Баткен облусунда 118, Ысык-Көл облусунда 165 факты катталды. Тийиштүү органдар да, серепчилер да быйыл жол кырсыктары жана анда каза болгондордун саны көп болуп жатканын айтышууда. Мунун себеби эмнеде? Жол кырсыктарынын санын азайтуу үчүн эмне чараларды көрүш керек? Айрым инсандар пикирин билдиришти.

 

 

 

Жусупали Исаев, ЖКнын депутаты: 

- Азыркы учурда бардык эле айдоочулар айдоочулук күбөлүктү сатып алып жатышат. 20 жылдан бери бир да айдоочу чындап окуган жок. Айдоочулар өздөрү укук бузуп, анан МАИ кызматкерлерине акча сунушташат. Ар ким өз коопсуздугу үчүн жол эрежелерин сактоо керек. Эреже бузуучуларга чара кабыл алуу менен биз аларды тарбиялай албайбыз. Айдоочулар үчүн атайын окутууларды уюштуруу керек. Ар бир айдоочу өзүн тарбиялашы кажет. 

 

 

 

 

 

 

Айбек Баратов, жаш активист:

- Бардык жол кырсыктарына биринчи кезекте Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери күнөөлүү. Бизде бардык жерде эски систем. Айдоочулук күбөлүктү акчага сатууну токтотмоюнча автокырсыктардын саны азайбайт. Мындан сырткары жол эрежесин бузган айдоочулар үчүн айыпты 10 эсе көбөйтүү учурдун талабы болуп турат. Ал эми МАИ кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кеңейтүү зарыл. 

 

 

 

 

 

 

 

Анарбек Калматов, ЖКнын депутаты:

- Мыйзамдын негизинде иш алып баруу керек. Мыйзамда эмне жазылса, ошону аткармайынча алдыга жылбайбыз. МАИлер таптакыр иштебей жатат, укук-милдеттерин так аткарышпайт, анан кантип алдын алабыз жол кырсыктарынын? Биринчи кезекте алардын жоопкерчилигин күчөтүү кажет. 

 

 

 

 

 

 

 

 

Урмат Аманбаева, ЖКнын депутаты: 

- Биринчиден, ар бир айдоочу жол эрежесин сакташы керек. Айдоочулук күбөлүк берилип жатканда бардык жол эрежелерди сактаганга үйрөтүү маанилүү. Көпчүлүк айдоочулар унааларын жогорку ылдамдыкта айдашат. Муну көзөмөлгө алуу үчүн жолдун баарына эле МАИ кызматкерин коё бергенге да болбойт. Эгер жетишкен өлкөлөрдүн катарына киребиз десек, көчөлөргө видеокөзөмөлдөрдү орнотушубуз зарыл. Ал аркылуу бардык жол эрежесин бузуучуларды каттоого алып, аларга чара көрүүгө жол ачылат. 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан