Кечээ, 16- августта Максат Чакиев Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон. Бүгүн, 17-августта маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев жаңы орун басарын Туризм департаментинин аппараты менен тааныштырууда. М.Чакиев буга чейин Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу боюнча Эл аралык жумушчу кеңештин аткаруучу директору болуп иштеген.