Жалал-Абад облусунда колдоого муктаж балдар жайкы лагерлерде болушту

Жалал-Абад облусундагы Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жетим, жарым жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жайкы лагерде эс алуу уюштурду. Социалдык өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, Сузак районунан 10 бала “Зорька” лагеринде, Тогуз-Торо районунан 20 бала “Алтын балык” лагеринде, Токтогул районунан 45 бала “Кайыңды” лагеринде жана 210 бала “Келечек” лагеринде эс алган. Мындан сырткары Жалал-Абад кесип бирликтер лагери аз камсыз болгон, ооганчылардын жана Чаткал районундагы үй-бүлөлөрдүн арасынан 70 балага эс алууга жолдомо берген. Дагы 35 бала үчүн эс алуу уюштурууга райондук Спорт комитети колдоо көрсөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан