Башкы прокуратура Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында көлдүн жээгине автотоктотмолордун уюштурулушу боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Белгилүү болгондой, 2013-жылдын 23-мартында Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы менен жергиликтүү жашоочунун ортосунда көл жээгиндеги жалпы колдонуудагы аймактан 0,25 гектар жерди 5 жылга ижарага берүү боюнча келишим түзүлгөн. Бирок айыл өкмөтү көзөмөлгө албай, ижарачы тийиштүү мыйзамдарды бузган. Ижарачы көл жээгине автотоктотмо уюштуруп, боз үй тигип алган. 13-августта Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ысык-Көл жана Тоң районундагы бөлүмү тарабынан ижарачыга 2000 сом айып салынып, аталган аймактын ижарага берилишинин мыйзамдуулугу текшерилип жатканы кабарланды.