Жалал-Абад. Футбол федерациясынын башкы катчысынын биринчи орун басары: "Спортчуларга шарт түзүп бергенге бизде мүмкүнчүлүк жок"
"Аймактарда таланттуу футболчулар бар. Алар мамлекет тарабынан колдоо ала албай жатышат". Мындай пикирди бүгүнкү футболдук мелдештин ачылуу аземинде Футбол федерациясынын башкы катчысынын биринчи орун басары Таирбек Чойбеков билдирди. "Футбол массалык оюн болгондуктан, түрдүү мелдештерди өткөрүшүбүз керек. Ошондой эле бизде бул оюнду сүйгөндөр өтө көп. 16 жашка чейинки жаштар арасында республикалык тандоо болот. Андан өтүшөт ал жерде азыраак эле орун бар болгондуктан, көбү ойноо мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышпайт. Андыктан күчтүү оюнчулар өлкөдө шарттын жоктугуна байланыштуу башка мамлекеттердин атын чыгарышууда. Себеби машыктыруучуларды кармаганга, спортчуларга шарт түзүп бергенге бизде мүмкүнчүлүк жок",- дейт Чойбеков.