Декларация: КРнын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов былтыр 1 миллион 255 миң сом киреше тапcа, жакындарынын 3 үйү, 3 батири бар

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов 2012-жылы 1 255 637 сом киреше тапкан. Тапшырган декларациясында ал башка эч кандай маалымат берген жок. Элчинин жакындары былтыр 1 696 519 сом киреше табышкан. Кыймылсыз мүлктөрү булар: 76,48 чарчы метр аянтты ээлеген батир, 74,5 чарчы метр жердеги үй, 798 чарчы метрлик жер тилкеси, 51,68 чарчы метр жердеги үй, 21,9 чарчы метр жердеги гараж, 230,4 чарчы метр аянтты ээлеген үй, 870 чарчы метрлик жер тилкеси, 162,9 чарчы метр жерди ээлеген имарат, 800 чарчы метрлик жер тилкеси, 50,1 чарчы метр жерди ээлеген батир, 800 чарчы метрлик дагы бир жер тилкеси, 28 чарчы метр аянттагы батир, 58,9 чарчы метр жердеги имарат. Унаасы - 2005-жылы чыгарылган Лексус RX 330.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан