Алмазбек Атамбаев Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусунун элдик өкмөтүнүн төрагасын кабыл алды

Бүгүн, 17-августта президент Алмазбек Атамбаев Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусунун элдик өкмөтүнүн төрагасы Пархат Турдуну кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан менен Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусунун маданий-экономикалык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселеси талкууланды. Өлкө башчы эки тараптын мындан аркы достук, тыгыз байланыштагы кызматташуу мамилелери маанилүү экенин билдирди. Өз кезегинде Пархат Турду президентке Кызыл-Суу кыргыз облусунун социалдык-экономикалык абалы жана облустун 60 жылдыгын белгилөөгө болгон даярдыктар тууралуу маалымат берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан