Декларация: Экс-спикер Ахматбек Келдибековдун жакындары 13 коттедж, 5 батирге ээлик кылышат. Өзүнүн 3 автоунаасы бар

Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков 2012-жылы 1 миллион 188 938 сом киреше тапканын тапшырган декларациясында көрсөттү. Ага таандык 3 автоунаа бар: ВАЗ 21063, Рейнж-Ровер (2010-жылы чыгарылган) жана ВАЗ Нива. Ошондой эле 558,6 чарчы метр аянтты ээлеген үйү, 605 чарчы метр жерди ээлеген имараты, 5000 чарчы метрлик жер тилкеси бар экенин белгиледи. Келдибековдун жакындары былтыр 218 594 сом киреше тааптыр. Унаасы - Лексус 570. Кыймылсыз мүлктөрү булар: коттедж (аянты 70,9 чарчы метр), коттедж (333,8), коттедж (435), коттедж (277,4), коттедж (220,8), коттедж (223,6), коттедж (526,2), коттедж (306,5), коттедж (459,47), коттедж (107), коттедж (361,85), коттедж (398,91), коттедж (1447,4), батир (аянты 30,7), батир (200,9), батир (226,7), батир (102,2), батир (257), үй (132), үй (276,1).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан