Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев 2012-жылы маданият жана туризм министринин орун басары болуп турган кезде 271 643 сом киреше тапканын тапшырган декларациясында көрсөттү. Ошондой эле анын 78,2 чарчы метр аянтты ээлеген батири жана 15 чарчы метрди ээлеген гаражы бар экен. Базарбаев Мерседес үлгүсүндөгү унаасы бар экенин документте белгилеген. Ал эми анын жакындарынын кирешеси, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү тууралуу маалымат жазылган эмес.