Бишкекте жана Чүй облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

19-августта саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Чыгыш автобекетинин аймагында электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн. Ушул эле убакыттарда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө, Бер-Булак, Арчалы, Байгелди, Кашка-Суу, Кайырма, Малиновка, Байтик айылдарында, Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын Борбордук, Киров, Спорт көчөлөрүндө, Алексеевка, Кызыл-Дыйкан, Большевик, Федеровка айылдарында электр энергиясы чектетилет. “Түндүк электр” ишканасы электр энергиясынын убактылуу өчүрүлүшү аталган тармактардагы алдын алуу иштерине байланыштуу болорун билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан