2013-жылдагы кант кызылчасынын түшүмүн кабыл алуу үчүн 9 пункт ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Үстүбүздөгү жылы кант кызылчасы 6,7 миң гектар аянтка айдалган жана андан 200 миң тонна түшүм алынары күтүлүүдө. Учурда “Кайыңды кант” заводунун кант кызылчасын кабыл алуу пункттарында инженердик байланыш жана технологиялык жабдууларды оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Заводду жана анын кошумча кызматтарын оңдоо, белгиленген мөөнөткө ылайык, кант кызылчасынын түшүмүн жыйноо иши башталганга чейин бүткөрүлөт. Ал эми кабыл алуу пункттары 1-октябрда ачылат. Кант кызылчасын тапшыруучулар ар бир тапшырылган тонна үчүн шекерди чегерим салмакта ала алышат “Кайыңды кант” заводу кант кызылчасынын түшүмүн кабыл алуу пункттарынан заводго жеткирүү, өндүрүүчүлөргө төлөнүүчү кумшекерди кабыл алуу пункттарына алып баруу чыгымдарын, ошондой эле шекер салынуучу каптардын төлөө наркын өз мойнуна алат.