Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Эрмек Ибраимов жылдык кирешеси жана үй-мүлкү тууралуу декларация тапшырды. Андагы маалыматка таянсак, элчи 2012-жылы 2 594 179 сом киреше тапса, анын 1 456 380 сомун маяна катары алган. Кыймылсыз мүлкү 320 чарчы метр аянтты ээлеген 1 үй, 82 чарчы метр аянттагы 1 батир. Унаасы тууралуу декларацияда жазылган эмес. Ибраимов жакындарынын кирешеси жана мүлкү тууралуу эч кандай маалымат берген эмес.