Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Базарбай Мамбетов бир жылдык кирешеси жана үй-мүлкү тууралуу декларация тапшырып, 2012-жылы 1 003 888 сом тапканын билдирди. Анын 63 чарчы метр аянтты ээлеген 1 батири, 42 чарчы метр аянтты ээлеген 1 дачасы бар. Автоунаасы – 2001-жылы чыгарылган Ниссан-Патфайндер. Мамбетовдун жакындары былтыр 38 000 сом киреше табышыптыр. Алардын мүлктөрү тууралуу маалымат берилген эмес.