Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси Жусупбек Шарипов 2012-жылы 2 222 844 сом киреше тапкан. Тапшырган декларациясына таянсак, дипломаттын 112 чарчы метр аянтты ээлеген боз үйү бар. Шарипов унаасы тууралуу маалымат берген жок. Жакындары 52,1 чарчы метр жерди ээлеген 1 батирге ээлик кылышат.