31-августта Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда мышыктардын көргөзмөсү болот. Бул тууралуу "Кыргыз Фелинология" аталышындагы мышыктарды сүйүүчүлөр клубу билдирди. 10:00дөн 16:00гө чейин болчу иш-чарада породалуу мышыктар сатыкка коюлуп, аларды кантип багуу керектиги тууралуу маалыматтар берилет. Ошондой эле көргөзмөдө колго жасалган буюмдар сатыкка коюлмакчы.