Кыргыз коомчулугунда чуу жараткан "Фемминал" көргөзмөсүнүн куратору Айгүл Карабановага кол салуу болду. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына жазып чыкты.
"Кечээ кечинде үй жактан мага эки киши кол салды. Баш мээнин чайкалганы, көзүмдөгү көк кетет, бирок алар мени коркутушту. Мен коркуп жатам. Баламды да коркунучка кептебеш үчүн тез арада кетип калгым келип жатат", - деп жазган ал.
Эске салсак, 27-ноябрь күнү Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде аялдардын көйгөйлөрүн чагылдырууга арналган көргөзмө ачылган. Көргөзмө учурунда кыздар жылаңачтанып жүргөнүн чагылдырган видео тарап, окуя коомдо чоң чуу жаратып, музейдин жетекчиси Мира Жангарачева жумуштан алынган.