Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуяда каза болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкери Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай берилген.
Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев резервдик фонддон каза болгон аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө үй алуу үчүн 2 миллион сом бөлүү чечимин чыгарган болчу.
Бийлик тарабынан берилген үй тууралуу маркум Равшан Муминовдун бир тууган агасы Хасанбай Муминов инисине берилген турак үчүн кубанып жатканын SUPER.KG порталына айтып берди. Ал инисинин артында калган балдары үчүн санаа тартып келгенин жашырган жок.
"Берилген турак жайда инимдин артында калган үй-бүлөсү учурда жашап жатат. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө, бийликке жана элге рахмат айтам. Инимдин үй-бүлөсү үчүн санаа тартып келдим эле. Бир маселеси чечилгенине жетине албай кубанып турам", - деди ал.
Ал эми маркумдун жубайы Мухаё Муминова өкмөт тарабынан берилген үйгө кечээ, 27-декабрда көчүп киришкенин билдирген болчу.