Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуялар боюнча УКМК эки мамлекеттин кызыкчылыктарына доо келтирген, улуттар аралык кастыкты козуткан терс мүнөздөгү комментарийлер менен провокациялык чакырыктарды жайылтуудан алыс болууга чакырат. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Учурда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Максат чек ара районундагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Муну менен катар УКМК өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, улуттар аралык кастык аркылуу массалык баш аламандыкты жана ар кыл каршылык акцияларын уюштурууга алып келе турган аракеттерди алдын алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат. Буга байланыштуу коомдогу чыңалууга алып келе турган маалыматтар менен материалдардын авторлоруна эскертүү берүү укугун колдоноорун билдирет", - деп жазылат маалыматта.