Чек арада каза болгон Равшан Муминовдун үй-бүлөсү өкмөт берген үйгө көчүп кирди

Кечээ, 27-декабрда Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтү Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуядан каза болгон чек ара кызматынын аскер кызматкери Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай берген.

Бүгүн, 28-декабрда маркум Равшан Муминовдун жубайы Мухаё Муминова SUPER.KG порталына билдиргендей, алар өкмөт тарабынан берилген үйгө көчүп киришкен.

"Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн келишин күтүп жатабыз. Балдарым менен берилген үйгө кечээ, 27-декабрда көчүп киргенбиз. Турак үй 8 бөлмөлүү экен. Президентибиз Сооронбай Жээнбековго, өкмөткө жана жалпы элге ыраазычылык билдиребиз", - деди Муминова.

Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев резервдик фонддон каза болгон аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө үй алуу үчүн 2 миллион сом бөлүү чечимин чыгарган болчу.

Буга чейин SUPER.KG порталы Лейлек районуна барып, Кыргыз-Тажик чек арасындагы жашоочулардан кабар алган. Анда 16-сентябрдагы чек ара чырындагы атышуудан каза болгон 41 жаштагы чек арачы, прапорщик Равшан Муминовдун жакындарына көңүл айтып, кайгысын бөлүшүп кайткан элек. Мамлекеттик чек ара кызматынын "Бөрү" атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминов үй-бүлөсү менен батирде жашап келгени тууралуу жазганбыз.

Чек арада жан берген бир туугандар: Ок тийип каза болгон Равшан Муминовдун жакындарынын күйүтү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bek.94
2019-12-28 11:46:15
Жакшы жаңылык.
+4
kushu_bek
2019-12-28 12:10:33
Бир Уй менен алдаптырда жетимдер
-7
Nurik929394nur
2019-12-28 13:27:17
kushu_bek,дагы эмне кылыш керек атасын тирилтип алып келип бериш керек беле мамилекет учун олдуу бирок уй акчалай берип жататко.жакшы еле жардам кылтат.сага окшогон озуу бир нерсн бер албайтта и бир нерсеге шугур да келтире албайт.
+8
suban78
2019-12-29 21:30:41
Балдардын тирилиги эмне болот эртен. Ошону ойлондунбу. Бир муштумдай аял уч баланы кантип багат. Куйоосу акыры мамлекетибизди, жерибизди коргойм деп коркпой алдыга чыкканы учун курман болду го.
0
GULZAT.83
2019-12-31 15:55:25
Балдарды 18ге чыккыча пенсия толойт чыгар уйдон сырткары
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан