Бишкекте 15-августка карата унаага болгон салыктан 132 миллион сом чогулган. Бул тууралуу Бишкек шаардык салык кызматынын жетекчисинин орун басары Орозбек Алыбаев бүгүн, 19-августта маалымат жыйынында билдирди. Айтымында, жылдык пландын 64,7 пайызы аткарылды. Маалыматка ылайык, шаар боюнча салык кызматында 180 миң авто транспорт бар. 2012-жылы бюджетке унаага болгон салыктан 196 миллион 493,2 миң сом түшкөн.