Жалал-Абад. Таш-Көмүрдөгү "Тегене" ишканасы 6 айда 35 миң тонна көмүр өндүрдү

Жалал-Абад облусунда 2013-жылдын 6 айында 69 497 тонна көмүр өндүрүлдү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,5 эсе көп. Маалыматты өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы 19-августта билдирди. Былтыркы жылга салыштырмалуу, быйыл көмүр 23,6 миң тоннага көп өндүрүлгөн. "Таш-Көмүр шаарындагы "Тегене" ЖЧКсы тарабынан көмүр көп казылып, жалпы көрсөткүчтү жогорулатты. Аталган ишкана 6 айда 35 миң тонна көмүр казган",- деп кабарлашты обладминистрациядан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан