Таластын Манас районунда жаңы спорт комплекси ачылды

Таластын Манас районуна караштуу Жийде айылында жаңы спорт комплекси ачылды. Комплексти курууга эл аралык уюмдардын биринен 15 миллион сом жумшалган. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиев билдирди. Анда кичи футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары бар. Имараттын ачылышына өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Койсун Курманалиева жана Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шер катышты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан