2012-жылы кыймылсыз мүлккө болгон салыктан мамлекеттик бюджетке 40 миллион 731,3 миң сом түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык салык кызматынын жетекчиси бүгүн, 19-августта маалымат жыйынында Талантбек Темиров билдирди. Айтымында, 15-августка карата 41 миллион 95,3 миң сом салык чогулган. Бул көрсөткүч жылдык пландын 69,2 пайызын түзөт. Эске сала кетсек, Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө болгон салыкты төгүү мөөнөтү 2-сентябрда бүтөт. Тиешелүү сумманы көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин төлөбөгөндөргө 2000 сомдук айып пул салынат.