Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы Жаңы жылдык иш-чарадан кийин 3 тонна таштанды чогултулду. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлагандай, таштанды чогултуу иши түнкү 03:00гө чейин уланган.
"Тазалыктын" кызматкерлери 31-декабрда түнгө чейин иштешти. Жалпысынан таштанды чогултууга 60 жумушчу, 5 атайын техника тартылган. Чогултулган таштанды 20 куб, тагыраагы, 3 тонна болду.
Аянтка 20 желим жана 10 металл контейнерлер коюлган", - деп жазылат маалыматта.
Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана меймандарын Жаңы жылы менен куттуктайт!