Кара-Суудагы атышуу боюнча “Өнүгүү” партиясы атайын билдирүү жасады

“Өнүгүү” партиясынын Кара-Суу шаардык бөлүмү Кара-Суу шаарында болгон жаңжал боюнча атайын билдирүү жасады. Төмөндө билдирүүнүн тексти: “2013-жылдын 18-августунда Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо мезгилинде №5266-шайлоо участкасында Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДПнын) өкүлдөрү тарабынан башка партияларга мыйзамсыз жана орой үстөмдүк кылуусунун натыйжасында, КСДП жана биздин партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда пикир келишпестик орун алып, КСДП партиясынын өкүлү Мунар Сайпидинов аттуу жигит шайлоо участкасына келген шайлоочуларга тапанчадан бир нече жолу ок чыгарган. Күбөлөрдүн айтымында, ошол учурда массалык баш аламандык орун алып, “Өнүгүү” партиясынын өкүлү Нурмухаммеддин көкүрөгүнө ок жаңылган. Ошондой эле окуяга күбө болгондордун айтымында, “Мекен Ынтымагы” партиясынын мүчөсү Исламбек Каримов колунан жаракат алган. Ал эми КСДП партиясынын өкүлү Мунар Сайпидинов массалык башаламандык учурунда бычактан жаракат алган, бирок кимдин колунан бычак жегени азырынча белгисиз. Ошол эле кезде КСДП жана укук коргоо органдары тарабынан “Өнүгүү” партиясынын өкүлү бычак колдонгон соң КСДПнын өкүлү жооп кылып, ок чыгаргандыгы тууралуу бир беткей маалыматтарды таркатышууда. Биз мындай маалыматтар туура эместигин тастыктоо менен биздин партиянын өкүлдөрү чыр-чатакты биринчи болуп уюштурушкан эмес жана мыйзам бузуучулуктарга жол беришпегендигин билдиребиз. Ошондуктан, биз тараптарды коомчулукка ар кандай такталбаган, далилсиз маалыматтарды таркатуудан сактанууга чакырабыз”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан