Бүгүн, 19-августта президент Алмазбек Атамбаев КРнын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө министр мамлекет башчысына Нарын жана Ысык-Көл облустарында жакында болуп өткөн селдердин кесепеттерин калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берди. Ошондой эле турак жай фондун милдеттүү түрдө камсыздандыруу зарылчылыгы тууралуу маселе талкууланды.