Москвада киши колдуу каза болгон 25 жаштагы Адилет Байсабаевдин сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматынан кабарлады.
"Жүк-200дү" Кыргыз өлкөсүнө "Уральские авиалинии" компаниясы Москва-Бишкек каттамы аркылуу жүргүздү. Маркумдун сөөгүн алып кеткен учак кечээ, 6-январда Бишкек убактысы менен саат 20:30да учкан", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Окуя 2019-жылдын 31-декабрь күнү орун алганын маркумдун эжеси айтып, дагы деле сөөктү мекенине алып келе албай жатышканын билдирген.
Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги маркумдун сөөгү мекенине тергөөчүнүн уруксаты, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин жиберилерин маалымдаган. Учурда бул иш боюнча тергөөгө чейинки иш-чаралар жүрүп жатат.