Москвада киши колдуу каза болгон Кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине жиберүү боюнча элчилик билдирүү жасады

Москвада 25 жаштагы Адилет Байсабаев киши колдуу каза болгону маалымдалган. Окуя 2019-жылдын 31-декабрь күнү орун алганын маркумдун эжеси айтып, дагы деле сөөктү мекенине алып келе албай жатышканын билдирген.

Бул боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирүү жасады.

"Маркумдун сөөгү мекенине тергөөчүнүн уруксаты, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин жиберилет. Учурда бул иш боюнча тергөөгө чейинки иш-чаралар жүрүп жатат. Уруксат кагаздарын алуу тергөө иштеринин жүрүшүнөн жана эс алуу күндөрүнөн көз каранды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kechirmeni
2020-01-06 09:01:16
ошол документтерине деле жардам беришпейби анда
+2
Azatbek.Svoboda.
2020-01-06 11:01:10
kechirmeni,Дагын бир жолу шашылбай окуп чыксан анан озундун суроооно озун жооп аласын.
+1
Losw1
2020-01-06 14:17:00
Элчилик эми ойгонуптур да ээ?!!
Баракелде... Бут бекерпоз, алкымы чондорду тандашабы элчиликке?!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан