Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен чек арадагы абалды талкуулады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-январда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчылары Кыргыз-Тажик чек арасындагы абалды талкуулашты. Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн чек арасында туруктуу абалды сактоо зарылдыгын өзгөчө белгилеп, жарандардын күнүмдүк тиричилик чыр-чатактары өтө сезгич болуп калганын кошумчалады.

"Кыргыздар менен тажиктердин ортосундагы көп кылымдан берки достугу болуп келген, бар жана да боло бермекчи. Биз чек арадагы абалдын курчуп кетишине жол бербешибиз керек. Тилекке каршы, акыркы убакта чек ара аймагында чыр-чатактар көп болуп жатат. Кечээ эле Кыргыз-Тажик чек арасында кезектеги чыр-чатак болду", - деп баса белгилеген Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле президент мындай окуялардын алдын алуу үчүн жергиликтүү калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү экенин белгиледи. Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана жакынкы келечекке карай артыкчылыктуу пландарды талкуулашты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
nurikkg88
2020-01-11 13:33:37
Ден соолук сурашып койуптурда
+6
Alimbek1000
2020-01-11 16:06:16
nurikkg88, Сен өзүң оозунду ачып олтура бер. Чек арадагы чыр Мадумаров тажиктерге берип койгон 257 м жердин айынан болуп жатат.
-7
Alimbek1000
2020-01-11 16:07:27
Мадумаров жер саткыч! Карыкыраны, үзөңгү куушту сатпаганы жетпегендей, Баткендеги жерди да саып ийген экен акмак жер саткыч десе. Баткенге келчи таш баран кылабыз сени.
-5
Jaznura
2020-01-11 16:28:12
nurikkg88,Сооронбай Жээнбековчолук эч ким чек кыргыз-тажик чек арасын чечүүгө мынчалык жигердүүлүк менен киришкен эмес болчу. Албетте, маселе ктаал болгондуктан чечилиши деле жеңил болбой жатат. Мындай учурда өкмөттүн атайын чек ара боюнча кызматы кылдат иш-чараларды алып баруусу зарыл.
-9
chake
2020-01-11 13:36:10
биздин президент аракет кылып жатат бирок эмнегедир тажик тарап бул сүйлөшүүлөргө кызыкдар болбой жатат
-8
Nargizab
2020-01-11 16:31:40
chake,Мен да ошондой ойлойм бул жерде бир ненсе бар тажик тарап тоготпостука салып атат.
-2
Kyrgyz_bloger
2020-01-11 13:48:42
Суйлошуудон толк жок,тажик президенти биздин Сокени тенине албайт.
+7
elebes86
2020-01-11 14:57:11
Соке өз милдетин аткара албай, баардык ишти кризиске алып баратканы жалганбы? Экономикалык көрсөткүчтөр начар, инвестиция келбейт, жумушсуздук арбып, барган сайын социалдык көйгөйлөр курчуп баратат. Соттор күч органдарынын жетекчилери коомчулуктун кыжырына тийип бүтүштү! Минтип олтурса жергиликтүү эл толкуп кетпейби?..
+4
elb_2121
2020-01-11 16:40:03
Былтыр айткан эле суйлошту деп телефондо иш бутпойт барып элдин алдында чечип келгиле да супер силерда сатылып кетинерби мен коментип жокко мындан мурда жазганым
+6
keku00
2020-01-11 20:36:41
Кыйратты
+4
nematovich.90
2020-01-12 04:18:13
Баарын эле коментарии жазасынар озунордун колунардан бир нерсе келеби?
-1
nazarKGZ
2020-01-12 16:00:13
Жолуканда бир нерсе чечилбеген эми чалган да чечилмек беле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан