Айбек Баратов, жаш активист: "Жолго бир "зебра" түшүрүүгө мэрия 13 литр сыр сарпталат дейт. Бул жалган, жазында биз акция өткөргөндө 6 литр гана жумшалган"

6-апрелде Бишкекте жарандык активист Айбек Баратовдун демилгеси менен “Зебра” аттуу акция болуп, анда Москва-Акиев, Москва-Коёнкөзов көчөлөрүндө жана шаардын бир катар борбордук көчөлөрүнүн кеcилишинде жолдун жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жерлери боёлгон. Бул ишке канча каражат сарптала турганын өз көзү менен көргөн Айбек Баратов учурда Бишкек мэриясы жол белгилерин коюуда далай акчаларды сол чөнтөккө салып жаткандыгын билдирди. Жаш активист буларды маалымдады:

Жолго белгилерди түшүрүүдө колдонулуучу боёкту өндүргөн “NATIONAL PAINTS” заводу сырлардын (краска) сатыкка коюлган баасын айтуудан баш тарткан. Себеби мэрия жана МАИ кызматы аларды көп өлчөмдө аларын билдиришип, баа тууралуу жолугушуу учурунда гана маалымат бере аларын билдиришкен.

Ал эми Биринчи Май райондук администрациясы сырдын 1 литрин 250 сомдон алышарын билдирген. Ушул эле сырдан айырмасы жок Орусия чыгарган сырды Баратов апрель айындагы акция учурунда литрин 180-200 сомдон алган. Башкача айтканда, активист алган сыр менен райадминистрация сатып алган окшош сырдын 1 литринен 70 сом айырма чыгууда. Ал эми сырды дүңүнөн алганда 250 сомдон дагы арзан болору шексиз, себеби Айбек 180 литр сыр алып, литрине 180-200 сомдон төлөгөн.

Мамлекеттик стандарт боюнча (ГОСТ) “зебранын” туурасы 40 сантиметр болушу керек. Бишкек шаарында мектептердин жана окуу жайлардын айланасындагы көчөлөрдө гана бул стандарт сакталып, башка аймактарда 30 сантиметр экендигин билдирди Баратов. Ал эми өткөрүлгөн тендерлердеги документтерде “зебралар” бардык жерде 40 сантиметрден экендиги жазылган. Аталган райадминистрация бир "зебра" үчүн 13 литр сыр сарпталарын айтса, 6-апрелде өткөрүлгөн акция учурунда 1 "зебрага" 6 литр гана сыр жумшалган.

Баратов мэрия шаарды өз күчү менен көрктөндүрүүгө аракет кылган жарандарды колдобой турганын айтты. Көрсө, 6-апрелде аталган акция өткөрүлөрдө мэрия “зебраны” чийүүчү калыпты акция ээлерине бербей коюуптур.

Бишкектеги жолдордун жалпы узундугу 1374 чакырым. Алардын ичинен 722 чакырымына асфальт төшөлгөн. Ошол асфальтталган жолдорго "зебра" түшүрүү үчүн тендер өткөрүп, мэрия канча акчаны Баратов айткан чөнтөккө салып жатканын элестетип көрөлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан