Ошто ыктыярдуу активдүү топтор бүгүн, 19-августтан тартып Ак-Буура дарыясын тазалап башташты. Бул тууралуу “166” мобилдик топ кызматынын башчысы Өмүрбек Эрнисов маалымдады. Иш-чара “Сулайман тоо Ак-Буура” муниципалдык ишканасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата өткөрүлүүдө. “Тазалоо иштери 30-августка чейин уланат. Дарыяга таштанды таштабоо тууралуу жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз”,- дейт Ө.Эрнисов.