Мавлян Аскарбеков, жаш саясатчы: “Бишкектин аймагынан 20дай жер тилкеси мыйзамсыз сатылып кеткен”

Бишкек шаарындагы Чүй-Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн жанында жайгашкан жашыл аянтча мыйзамсыз сатылып кеткен. Муну "Эркин Эл" саясий партиясынын төрагасы Мавлян Аскарбеков бүгүн, 19-августта билдирди. Айтымында, аталган аймак коомчулуктун жалпы колдонуусундагы жер, ал сатылбашы керек болчу. “Жерди сатып алган адам ким экени белгисиз, ал соттук отурумдарга келген жок, жактоочусу гана келип жатат. Жактоочусу ал жерге 16 кабаттуу үй салынарын айтууда. Сот ишине шаардык мэрия менен башкы архитектуранын бирден өкүлү катышканы менен алар бул ишке кайдыгер. Залда уйкусу келип үүргүлөп отурушат. Буга мэрия менен соттор да кызыкдар, анткени мунун артында миллиондогон акчалар турат. Сот ачык болуп жатканына карабай, судьялар процессти видео тасмага түшүрүүгө каршы чыгышты. Учурда шаардын аймагындагы 20дан ашык жер тилкесинин мыйзамсыз сатылгандыгы боюнча кылмыш иши козголуп, соттук отурумдар жүрүүдө”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан