Жалал-Абад. Быйыл 146 388 гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрү эгилген
Үстүбүздөгү жылы Жалал-Абад облусунда 146 388 гектар жер аянтына ар түрдүү айыл чарба өсүмдүктөрү айдалып-себилген. Анын ичинен 26 015 гектар жерге буудай, 29 655 гектарына жүгөрү, 5184 гектар жерге арпа жана 3606 гектар аянтка күрүч себилген. Ал эми 950 гектар жер аянтына башка дан эгиндер айдалган. Мындан сырткары 14 052 гектар пахта, 231 гектар тамеки, 8037 гектар картошка, 10 038 гектар жашылча, 3787 гектар коон-дарбыз жана 19 959 гектар жер аянтына май өсүмдүктөрү айдалган. Маалыматка ылайык, өткөн жылга салыштырмалуу буудай себүү Ала-Бука районунда 447 гектарга, Аксы районунда 66 гектарга, Тогуз-Торо районунда 141 гектарга, Чаткал районунда 52 гектарга жана Жалал-Абад шаарында 20 гектарга азайган.