Жалал-Абад. ОИИБи уюштурган футболдук мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Жалал-Абад шаарынын "Курманбек" стадионунда 17-18-август күндөрү Жалал-Абад ОИИБи "Мекеним менин - Кыргызстан" аттуу ураандын алдында футболдук мелдеш уюштурду. Мекеменин кабарлашынча, 1-орунду Жалал-Абад ОИИБинин борбордук аппаратынын кызматкерлери ээлеп, түстүү сыналгы жана 50 миң сом, 2-орунду баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын облустагы өкүлчүлүгүнүн оюнчулары ээлешип, түстүү сыналгы жана 30 миң сом менен сыйланышты. Ал эми Базар-Коргон районунун футболчулары 3-орунду алып, 20 миң сом, түстүү сыналгы менен сыйланышты. Мелдешке Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын укук коргоо кызматкерлери катышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан