“Кара-Суудагы шайлоодо болгон окуя дыкат иликтениш керек”,- деп билдирди КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков 19-августта Сузак районунда шайлоочулар менен жолугушуу учурунда. Жолугушууда жалал-абаддыктар бала бакча, “Көгарт” каналын куруу маселесин айтып, коррупция менен күрөшүүнү борбордон эмес, элет жеринен баштоону сунуш кылышты. Жолугушуу учурунда Турсунбеков 18-августта Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо учурунда чыккан чыр-чатакка да токтолду. Анткени, окуяда КСДП партиясынын бир байкоочусуна бычак сайып кетишкен. “КСДП бийликтин партиясы” делгени менен коррупцияга каршы турган партиялаштарыбызга дагы эле кыйын болууда. Жакында эле Ысык-Көл районундагы жергиликтүү кеңештин депутаты Ч.Молдошеваны атып кетишсе, эми Кара-Суудагы байкоочуларыбызга кол сала башташты. Бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар дыкат изилдеп, күнөөлүүлөр жазаланышы керек. Кайсы партиянын мүчөсү болсо да, күнөөсү далилденсе мыйзам чегинде жазалансын”,- деди эл өкүлү.