20-августта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан жаашы күтүлөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +29...+34°C, түнкүсүн +12...+17°C
Талас облусунда күндүз +27...+32°C, түнкүсүн +8...+13°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +31...+36°C, түнкүсүн +18...+23°C
Баткен облусунда күндүз +30...+35°C, түнкүсүн +16...+21°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +22...+27°C, түнкүсүн +9...+14°C
Нарын облусунда күндүз +26...+31°C, түнкүсүн +8...+13°C
Бишкек шаарында күндүз +32...+34°C, түнкүсүн +12...+14°C
Борбор калаада жаан-чачындын болушу күтүлбөйт.