Биз социалдык тармакта

Венера Жуматаева "Азаттыктын" Борбор Азия кызматтарынын жетекчилигинен алынды. Анын ордуна Би-би-синин бул аймактардагы башчысы келди

"Эркин Европа Азаттык" радиосунун Борбор Азия кызматтарынын башчысынын милдетин аткаруучу Венера Жуматаева кызматынан бошотулду. Анын ордуна буга чейин Би-би-синин Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кызматтарын 14 жыл жетектеген Хамид Исмаилов дайындалганын аталган маалымат каражаты жазууда.

Өткөн жылдын 19-августунда Кыргыз өлкөсүнүн демократиялык коомчулугунун өкүлдөрүнүн атынан саясат таануучу Табылды Акеров "Эркин Европа радиосу"/"Азаттык радиосу" радио уктуруу уюмунун президенти Жейми Флайга кайрылган ачык катты социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган. Анда "Эркин Европа Азаттык" радиосунун Борбор Азия кызматтарынын башчысынын милдетин аткаруучу Венера Жуматаева коррупцияга, бийлик, саясатчылар, саясый топтор менен тил бириктирүүгө, жердешчиликке айыпталып, калыстыктан тайып кеткен деген жүйө менен ага текшерүү жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылуу жасалган.

Хамид Исмаилов жаңы кызматына 1-февралдан баштап киришет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
chake
2020-01-17 13:11:57
Венера элди келесоо ойлоп АлМас менен жең ичинен сүйлөшүп алып бир үй бүлөнү болуп көрбөгөндөй шыбап бир жактуу гана заказды аткарып туруп алды туура болуптур жумуштан кеткени
+3
Absamat-90
2020-01-17 13:13:00
"Азаттык" азатыганан тайып, туура эмес материал берип калды эле , демек жэтээр жерине жеткирген экен Венера айым.
+2
Jaznura
2020-01-17 13:13:37
Венера Жуматаева калыстыктан тайган. Ал Би-би-сиге барса деле азаттыкта кылган оюндарын уюштурат. Аны биротоло Өзбекстан Хамид Исмаиловду кантип өлкөдөн чыгарган болсо ошентип Кыргызстандан чыгаруу керек.
0
Alimbek1000
2020-01-17 13:20:13
Венера эжени АША пайдаланып алды болушунча. Венера эже акчага азгырылып азаттыктын кадырына доо кетирди.
0
Kyrgyz_bloger
2020-01-17 15:35:05
Раим миллионду чукуганы учун жамандап жатасынар да кошоматчылар,Аша м.н мамилеси барбы жокпу ал башка маселе бирок Раим м.н азыркы бийликтин абийирин айрандан токту го чиркин,бет деген бетон экен.
+4
gulya583
2020-01-18 04:23:51
Эми ушул чала кыргыз Хамидинер калыстык кылабы же корунгонго кошомат кылып кашасын чыгарабы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан