"Азаттыктын" Кыргыз редакциясын коррупцияга жана жердешчиликке айыптап чыгышты. Жетекчилиги бул тууралуу эмне дейт?

Кечээ, 19-августта Кыргыз өлкөсүнүн демократиялык коомчулугунун өкүлдөрүнүн атынан саясат таануучу Табылды Акеров "Эркин Европа радиосу"/"Азаттык радиосу" радио уктуруу уюмунун президенти Жейми Флайга кайрылган ачык катты социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Анда "Эркин Европа Азаттык" радиосунун Борбор Азия кызматтарынын башчысынын милдетин аткаруучу Венера Жуматаева коррупцияга, бийлик, саясатчылар, саясый топтор менен тил бириктирүүгө, жердешчиликке айыпталып, калыстыктан тайып кеткен деген жүйө менен ага текшерүү жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылуу жасалган.

"Социалдык тармакта Венера Жуматаева тымызын кызматташуу акысына Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда андан хансарай алган деген маалыматтар тарап жатат. Мунун калп же чын экенин тыкыр териштирүү керек", - деп жазылат кайрылууда.

Андан ары Венера Жуматаева редакциянын ичинде кадрдык башкарууда жердешчиликке басым кылары айтылат. "Жетекчилик кызматтарга Жуматаева Ысык-Көл облусунан чыккандарды коёт", - деп кайрылууда айтылган.

Ошондой эле кызыкчылыктардын кагылышы тууралуу жазылып, айрым журналисттеринин бир кезде мамлекеттик кызматта иштегени белгиленген. "2013-жылы Жуматаева Бишкектеги бюрого жетекчи кылып Султан Каназаровду дайындаган. Ал өз учурунда ага чейин мурдагы президент Роза Отунбаеванын басма сөз катчысы болуп эмгектенген. 2016-жылы Темир Сариев өкмөт башчы болуп турганда басма сөз катчысы болуп иштеген Бакыт Асанов "Азаттыка" кайра ишке алынган. Бишкек бюросунун учурдагы жетекчилеринин бири Бүбүкан Досалиева 2010-2012-жылдары президенттин аппаратында мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссияны башкарган", - деп кайрылууда жазылат.

Ачык каттын жыйынтык сөзүндө анын авторлору "Эркин Европа радиосу"/"Азаттык радиосу" радио уктуруу уюмуна караштуу Кыргыз редакциясынын ишин жакынкы айлар ичинде жогорудагы маалыматтар боюнча текшерүү керектигине чакырышкан. Кайрылууга саясат таануучу Табылды Акеровдон тышкары Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бегалы Наргозуев, экс-губернатор Бектур Асанов, коомдук ишмер Манас Саматов, журналист Адилет Айтикеев да кол койгону белгиленген.

Бул боюнча "Азаттыктын" Бишкектеги жетекчиси Айзада Касмалиевага байланышканыбызда "Бул тууралуу комментарий бербейбиз, комментарийсиз калтырабыз", - деген жообун узатты. "Эркин Европа Азаттык" радиосунун Борбор Азия кызматтарынын башчысынын милдетин аткаруучу Венера Жуматаева жогорудагы билдирүүлөргө жоопту жеке баракчасына жазды. Арызда жазылган "Жердешчиликке көңүл бурат" деген боюнча ал төмөнкүлөргө токтолду:

"Ооба, мен Ысык-Көлдө төрөлгөм, 7 жашымдан баштап Фрунзе шаарында окудум. Тегим Сарыбагыштан, андыктан "таза кандуу ысык-көлдүктөр" эмеспиз. Сокулукка турмушка чыккам, алардын жердиги Таластан. Атам, апам тараптан да туугандарыбыз Ошто иштегендиктен Ошко бала кезден бери барып тургам. Активисттер санап өткөн кесиптештерим мен жетекчиликке келгенге чейин эле мурдагы жетекчилик учурунда алынган. Жамааттын курамы мен иштеген 9 жыл ичинде кеңейди. Барып көргүлө, өлкөнүн бардык аймактарынан журналисттер иштейт, башка улуттун өкүлдөрү да бар", - деп жазды ал.

Билими тууралуу айтылган кептерге: "Билим жана интеллект дипломдун санында эмес, адамдын мээсинде, башында болот", - деген жообун узатты. "Атамбаев ага үй алып бергени тууралуу маалыматтар тарап жатат" деген боюнча Жуматаева төмөнкүлөрдү билдирди: "Бишкектеги 4-кичи райондо эки бөлмөлүү батирибиз бар болчу. Ошону сатып, эки досубуз менен биригип, Арча-Бешиктеги бир чакан жерге үч үй-бүлө чогуу бир чоң үй салып, үч жагынан эшигин чыгарып алганбыз. Ар бир үй 150 чарчы метрден. Үч жылда салып бүтүргөнбүз. Менин жолдошум, уулум, кызым, баарыбыз иштейбиз. Акчабыз эч кимден сурабай жашаганга жетет. Кудайга шүгүр".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Jaznura
2019-08-20 16:03:25
Азаттык ачык эле Атамбаевдин арыгын чаап келе жатат
+2
Bektur2011
2019-08-20 16:06:26
Jaznura,Акча учун Азаттыктын атын булгады. Эми кетсин жетекчилер
-1
oSporte
2019-08-20 16:08:18
Jaznura,Азаттык Атамбаевдин кадрлары деген берүүнү да Атамбаевдин буйрутмасы менен чыгарган
+4
altyn-kumush
2019-08-20 16:06:20
Азаттык журналистикага тиешелуу болгон калыстыктан тайганын жакшы билебиз. Сатылды! Батыштын саясатын жургузгон медиа Азаттык
-1
Absamat-90
2019-08-20 16:08:47
Албетте актанат да , ал айдан ачык бегилуу. Бирок кыргыз коомчулугу азыр азаттыкка такыр башка муун келгенин, ойду тоону жазып жатканын ачык эле айтууда.Ал тургай айрым жанылыктарын жанылык деп айтууга такыр мумкун эмес.
0
chake
2019-08-20 16:16:33
Азаттык чындыктан тайган. Атына заты туура келбей калды. Эл ирээнжип калган азаттыктан.
0
chake
2019-08-20 16:17:49
Азаттыктын журналисттери дагы сабатсыз суроо бергенди да билишпейт, журналисттик этиканы билишпейт.
-3
chake
2019-08-20 16:18:20
Азаттык уят уят уят уят уят уят уят!!!
-4
chake
2019-08-20 16:19:33
АША жок Азаттык ачка отурат дейт го кантип акча табабыз деп
-2
chake
2019-08-20 16:20:24
Азаттык даана буканын этин жеп турду го Кой-Таштан устукандар барып Бишкектеги офисине...
-1
KAYRATBEK
2019-08-20 18:30:11
ВВС, Азаттык булардын аты гана азаттык ВВС болбосо,заты Кыргызстанды европага акш конгресине саткан саткындар катары ото жакшы тааныйбыз. Ислам динибизге каршы номер биринчи душманыбыз.
+2
orun
2019-08-21 10:31:00
Бетке айткандын заары жок дейт. Сразу удалить этипсиңер го комментарийди))).
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан